У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үсөнбаев: «Оор, өтө оор абалда ооруканаларга кайрылган бейтаптар катталууда»

Коронавирус жана пневмония илдети менен ооруп, оор абалда ооруканага кайрылган бейтаптар катталууда.  Бул тууралуу 20-августтагы брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 
 
«Бүгүнкү күндө ооруканаларга оор, өтө оор абалда кайрылган бейтаптар кайра катталып жатат. Ак-Суу жана Чаткал райондорундагы ооруканада оор абалдагы бейтаптардын жатканын билдиришти. Бул деген учурунда дарыгерлерге кайрылбай, үйдө өз алдынча дарылангандын себеби болуп жатат. Азыр ооруканаларда орундар жетиштүү, дары-дармектердин баары бар, оорунун белгилери байкалары менен ооруканага кайрылып, учурунда дарыланууга чакырам. Оору жаӊы башталганда эле дарыгерлерге кайрылып туура дарыланса, ооругандар бат айыгат. Оорунун күчөп кетишине жол бербесек эле, оорудан каза болгондор катталбайт»-деди Үсөнбаев. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter