У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурболот Үсөнбаев ""Кавасаки синдрому" жугуштуу оору эмес, Кыргызстанда катталган жок"


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев "Кавасаки синдрому" тууралуу маалымат кеңири тарап жаткандыктан, бул тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында аталган синдром коронавирус инфекциясы козгоп жаткан учурлар дүйнөлүк практикада катталууда. Ал бездерди чочутуп, жүрөк кан тамыр ооруларын козгойт. Көбүнчө 8 жаштан 11 жашка чейинки балдарда катталышы мүмкүн. Бул оору эмес, тек гана вирустан улам козголгон синдром, өз алдынча жукпайт. Болгону буга чейинки ооруларды козгойт.

"Катуу тарап кете турган дарт катары кароого негиз жок. Бул болгону синдром, өз алдынча жугуштуу оору катары каралбайт. Кыргызстанда катталган жок. Ошентсе да дарылоого биздин медицина даяр, көзөмөлдө турган нерсе, кооптонуунун кереги жок." дейт ал. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter