У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: «Айрым жетекчилер кырдаалды жөнгө салууда бошоӊдоп калышты»

Санитардык-коопсуздук чалардын ишин көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Анын ичинде көп сандагы адамдардын катышуусундагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынган. Республикалык ыкчам штабдын кеӊешмесинде белгиленгендей тармактык кызматтар, кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайлар боюнча рейддерди өткөрүүдө. 
Премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы убактарда ар кыл майрамдарды өткөрүү фактылары көп катталып жатканын белгилеп, бул багыттагы иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды.  
 
«Жалпысынан алганда республика боюнча оорунун кыскарып жатканы байкалганы менен айрым райондордо дагы деле ооругандардын саны жогору бойдон калууда. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен санитардык чараларды сактоо, анын ичинен массалык үй-бүлөлүк иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салууда жетишсиз иш алып барып жатканын далилдейт. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуудан жугузуп алууда. 
 
Акыркы учурда жергиликтүү бийлик органдарынын айрым жетекчилери кырдаалды жөнгө салууда бошоӊдоп калганы байкалууда. Мындайга жол берилбеши керек. Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда жогорку деӊээлдеги уюшкан жана ыкчам тартипте иштөө шарт. Биздин негизи милдет ооруну азайтуу, өлүмдүн алдын алуу, бейтаптарга өзгөчө көӊүл буруу»-деди Боронов. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter