У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Zoom видеоконференция кызматынын жетекчиси бир нече саатта 4, 2 млрд доллар киреше тапты

Zoom видеоконференция кызматынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Эрик Юань бир нече сааттын ичинде 4,2 миллиард доллар киреше тапты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыкты.
 
Zoom видеоконференция кызматы кварталдык отчетторун жарыялагандан кийин компаниянын акциялары мурдагы баасына салыштырмалуу 24% дан ашык кымбаттап, кирешеси төрт эседен көп өскөн. Эгер тенденция ушундай нук менен улана берсе, жакында Юандын кирешеси 20 миллиард доллардан аша турганын аналитиктердин айтышууда. 
 
Учурда Zoom программасын 370 миңден ашуун компания дайыма колдонушат. Анын ичинен 988и айына 100 миң доллардан ашык каражатты байланышка сарпташат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу беш эсе көп. 
 
Чет элдик журналисттер Zoom коронавирус пандемиясында “пайда алуучуларынын” бири болуп калгандыгын белгилешти. 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter