У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кой терисин жамынган «Бир бол»…


                Беш жыл бою мамлекетке бир тыйын пайда келтирбеген партиялар бул жолу дагы элдин көзүн жазгырып, алдыңкы тизмеге таза жаштарды кошкон болуп, «кой терисин жамынган карышкырдай» болушуп шайлоого бара жатышат. 
 
Мына, 2015-жылдагы парламенттик жарышта Алтынбек Сулаймановдун «Бир болу» асман чапчыган убадалары менен элди азгырып, Жогорку Кеңештин тɵрүн ээлеген “Бир бол” партиясы бир катар убадаларды кеңири берген. Тилекке каршы, эшеги суудан өткөн соң беш жыл аралыгында кугма башын тыгып ооз ачканга жарашкан жок. 

                Алсак,  «Бир Бол» партиясы “Илбирс секириги” деген абдан кооз программасын жарыялап, «Кыргызстанды кыска мɵɵнɵттɵ Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Малайзия сыяктуу ɵнүккɵн ɵлкɵгɵ айлантабыз» дешкен. Ал кездеги шайлоодо 70 миң жумушчу орун түзүлөт, 5 жыл ичинде жумушсуздукту 3 эсе азайтабыз, ички дүң продукцияны 2 эсе кɵбɵйтɵбүз. Салыктын 8 түрүн 2ге чейин кыскартабыз, пенсиянын орто эсебин 2 эсе кɵтɵрɵбүз. Жакынкы үч жыл ичинде бюджет 3 эсе кɵбɵйүп, пенсия, жɵлɵк пул, айлыктар Казакстан, Орусияныкына теңелет, дефицит жок болот дегенди айтканда жомокто жашап калчудай болгонбуз. 
 
Тактап айтканда:  
-Мугалимдердин айлыгын 30 миң сомго кɵтɵрɵбүз
-Милиция кызматкерлеринин айлыгын үч эсе кɵтɵрɵбүз
-Бишкекте 2016-жылы таштандыны кайра иштетип чыгаруучу заводду курабыз
-Борбор калаанын бюджетин 7ден 12 млрд сомго чейин жогорулатабыз
-ГЭСтерди, завод-фабрикаларды курабыз, 70 миң жумуш ордун түзɵбүз министрликтердин санын 9га чейин кыскартабыз
- Баткенди толугу менен газдаштырабыз
- Калкка 7% тɵмɵн пайыздык чени менен кредиттерди беребиз
- Айыл-чарба багытына 3%дык кредит беребиз…
  
Аферисттер «лапшаны» ченебей илишкен экен. Чындыкты карайлычы, жумушсуздук азаймак турсун кɵбɵйдү. Ал эми салыктын бири да кыскарган жок. Киреше салыгы, пайда салыгы, нарк салыгы, аксиздик салык, жер казынасын пайдалануу, сатуу салыгы, жер жана мүлк салыктарын тɵлɵп жатат. Пенсия боюнча ооз ачышкан жок. Үч жыл эмес, беш жыл ɵттү. Бюджеттеги дефицит жоюлган жок. 2016-жылдын бюджети 20,9 миллиард сомдук тартыштык (дефицит) менен аяктаган. 2017-жылы бул кɵрсɵткүч 23 млрд сом болсо, 2018-жылы бюджеттеги тартыштык 20 млрддан ашкан. Пенсия, жɵлɵк пул, айлыктар Казакстан менен Орусияныкына караандаган жок. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter