У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


30 жаштагы кылмышкер эки өспүрүмдү бычак менен кескилеп өлтүргөн

Американын Флорида штатында бир үй-бүлөнүн эки өспүрүм баласы таанышынын колунан каза болушту. Кылмышкер балдардын жеӊесинин таанышы болгон.  Алар жакын мамиледе болуп, аял кылмышкерден кош бойлуу болгон. Окуя болгон күнү балдардын жеӊеси таанышын үйүнө конокко чакырган. Бул тууралуу «Metro» жазып чыкты. 

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары уктап калганда 30-жаштагы Марк Уилсон 14-жаштагы жана 12-жаштагы өспүрүм балдарды балка менен чаап, бычак менен кескилеп өлтүрөт да кылмыш болгон жерден качып кетет.

Укук коргоо органдары кылмышкерди апасынын үйүндө жакшырынып жаткан жеринен табышат.  Ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, ошол күнү баӊги заттарын колдонгонун, балдарды өлтүрүү ниети болбогонун айтат. 
 
Флорида штатынын прокурору өзүнүн 40 жылдык иш тажрыйбасында мындай мыкаачылык менен ишке ашкан кылмышкка күбө болбогонун билдирип, 30 жаштагы кылмышкерге өлүм жазасын берүүнү өтүнөт. Сот прокурор менен макул болуп, ага өлүм жазасына буйруган чечим чыгарат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter