У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантин учурунда Жалал-Абадда аялы күйөөсүнө бычак сайып өлтүргөнү айтылды


Карантин адамзаттын бейпил турмушун бир заматта бузуп, элдин санаасын сан кылып бүттү. Үйдө камалып отурган адамдар психикалык жактан да жабыр тартышууда. Көпчүлүк адамдар жеке иш менен алек болгондугуна байланышуу кирешенин жоктугунан азык-түлүк запасы түгөнүп, айласы куруп турган чак. Мындай хаос учурунда албетте адамдар ачууланып, өзүн өзү кармай албай калган учурлар кездешпей койбойт.

Буга мисал катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 47 жаштагы аялды жолдошуна бычак сайып, жабырлануучунун каза болгонун алсак болот.  Бул маалыматты облустук милиция тастыктады. Жубайлардын ортосунда төрт баласы бар болчу. Кырсык  31-март күнү саат 15:00дөр чамасында болгон.

Жубайлардын ортосунда чыр чыгып, аялы тамак жасап жаткан ашкана бычагы менен жолдошунун көкүрөгүнө сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумду”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Аталган факты Ноокен райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү катары кармалган аял камакка алынды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter