У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тартты

Бишкектин административдик сотунун чыгарган чечиминен кийин «Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кайрадан БШКга документтерин алып келди. Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алган жок. Бул тууралуу Боршайом жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын административдик сотунун «Кыргызстан» партиясы боюнча чыгарган чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылганы жаткандыктан, мыйзам боюнча БШКга биринчи инстанциядагы соттун чечиминин аткарылышын токтото туруу укугун берет. Тактап айтсак, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 45-беренесине ылайык, документтерди кабыл алуудан баш тартууга укугу бар.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter