Бишкекте акыркы күндүзгү стационар жабылды
- 27.08.2020, 18:56,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жайгашкан акыркы күндүзгү стационар жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, борбордо ачылган стационарлар жалпысынан 106 миӊ 222 жаранга медициналык жардам көрсөткөн.
Шаардык мэриясы өлкөдө эпидемиологиялык абал акырындык менен турукташып жатканын, бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кырдаалды көзөмөлгө алып, ар кандай кырдаалга даяр турушу керектигин эскертти. Ошондой эле жарандарды өз алдынча дарыланбоого, оорунун белгилери байкалары менен медицина кызматкерлеринен кеӊеш алууга чакырды.