У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шүгүр...Бишкекте ооругандар азайып, 7 стационар жабылды!


Бишкекте ооруп кайрылгандардын саны азайгандыктан, жети стационарды азырынча жаап туруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

"Стационарлар ачылгандан бери кечээ эң аз сандагы оорулууларды кабыл алды. Күндүз – 964, 5-августка караган түнү 173 гана бейтап кайрылды. Андыктан киши өтө аз же таптакыр жок стационарларды күз-кыш мезгилине карата күч, каражатты үнөмдөө үчүн жаптык", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Алар:
"Сейтек" мектебиндеги стационар;
№95 мектептеги стационар;
№83 мектептеги стационар;
№81 мектептеги стационар;
№94 мектептеги стационар;
"Арал" кафесиндеги стационар;
Кара-Жыгач жаңы конушундагы "Салтанат" ресторанындагы түнкү стационар.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter