У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте дагы төрт стационар жабылды

Коронавирус илдети менен ооругандардын, стационарларга кайрылган адамдардын саны азайганына байланыштуу Бишкек шаарында дагы 4 стационар ишин токтоту. Бул чечимди шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссия кабыл алганын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. 
 
18-августтан тарта төмөнкү стационарлар жабылат:
 
— Жайыл баатыр көчөсүндөгү «Газпром» комплексиндеги күндүзгү стационар;
 
— Чыгыш-5 кичи районундагы Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексиндеги стационар;
 
— №68 мектеп-гимназиядагы стационар;
 
— №96 орто мектептеги стационар.
 
Ал эми Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү жана 12-кичи райондогу «Бишкек наабайкана» муниципалдык мекемесиндеги күнү-түнү иштеген стационар ишин улантат.
 
Мэриянын маалыматына ылайык, кечээ 6 стационарга 150 адам кайрылган. «Бишкек наабайкана» муниципалдык мекемесиндеги күнү-түнү иштеген стационар 174 адамды кабыл алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter