У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: "Окуу жылы башталганда айылдарда интернет жок деген маселе жаралбашы керек"


Окуу жылы башталганда айылдарда интернет жок деген маселе жаралбашы керек. Андыктан тийиштүү мамлекеттик органдар ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүсү абзел. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча 2020-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштерди талкуулаган кеңешмеде айткан.
 
"Окуу жылы башталганда айылдарда интернет жок деген маселе жаралбашы керек. Бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүсү абзел. Мектептерди сапаттуу, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо боюнча иштер күчөтүлсүн. Ал эми саламаттык сактоо тутумунда санариптештирүү боюнча бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Ошентсе да аймактардагы медициналык мекемелерге кеңири масштабдагы маалыматтык технологияларды киргизүүнү аягына чыгаруу зарыл", — деген өкмөт башчы.

 
Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, Боронов "Санарип аймак" системасын жылдын аягына чейин толугу менен жүзөгө ашырууну тапшырган. Бул системаны жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатары айтылып келет.
 
"Ошондуктан системаны аймактардагы шаарлар менен айыл өкмөттөргө киргизүү иштери күчөтүлүүгө тийиш. "Санарип аймакты" жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөттөр маршрутизаторлор (роутер) менен ыкчам тартипте камсыздалышы шарт", — деген Боронов.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter