У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: "4 782 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн сыналгысы, ал эми 65 616 окуучунун смартфону жок"


Өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер улантылат. Алдын ала жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй,  4 782 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн сыналгысы, ал эми 65 616 окуучунун смартфону жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул  жылдагы иш-аракеттеринин планынын айрым багыттары жөнүндө айтып берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада мамлекеттик маанидеги 2 документ кабыл алынды. Алар социалдык, экономикалык туруктуулукту жана калктын кирешелерин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин планы жана COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-чаралардын планы.

«Өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер улантылат. Бул чөйрөдө билим берүү тармагы негизги багыттардан болуп саналат. Аралыктан билим берүүгө өтүү өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын логикалык уландысы болуп эсептелет. Учурда мугалимдерди техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүүдө. Алдын ала жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй,  4 782 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн сыналгысы, ал эми 65 616 окуучунун смартфону жок. Донорлор тарабынан мектеп окуучуларына тиешелүү техникалык каражаттар жардам иретинде берилет. Мобилдик операторлор акысыз интернет менен камсыз кылат», - деди ал.

Ошондой эле Премьер-министр саламаттык сактоо багытына да өзгөчө көңүлдөр бурулганына токтолду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин планында жарандардын ден соолугун сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Ушул пункттун алкагында медициналык адистерди окутуу жана ишке тартуу, 14 медициналык мекемени куруу, оңдоо жана жабдуу, керектүү жабдууларды жана дары-дармектерди сатып алуу жагы каралган», - деди Өкмөт башчы. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter