У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайнарда кайрадан куран окутулуп, эреже бузулду


Борбор калаадагы "Кайнар" рестораны кайрадан санитардык эрежени бузганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, тойкана бул ирет дагы көп кишинин катышуусунда куран окутуп, санитардык нормаларды сактаган эмес.
 
Октябрь райондук акимчилигинин тиешелүү кызматтары массалык иш-чарага күтүүсүз кирип барып, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин ("Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу") негизинде протокол түзүшкөн.
 
Буга байланыштуу мэрия бизнес ээлерине кайрылды.
 
"Урматтуу ишкерлер, рестораторлор! Вирус Бишкекте жоголо элек, элдин өмүрүн оюнчук көрбөңүздөр. Жоопкерчилик бардыгына бирдей болушу керек. Ошондой эле шаардыктардан конокко барып, той-аш өткөрбөй турууну суранабыз", — деп айтылат маалыматта.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter