У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийлик карантинде үйү жок элди үйдө болгула деди


Кыргызстанда коронавируc пандемиясы жарандардын турак жай жаатындагы көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Борбордук Азия өлкөлөрүнүн "Турак жайга болгон укукту бекемдөө" регионалдык форумунун алкагында билдирди.
Анын айтымында чиновниктер үйү жок жарандарды үйдө болгула деп жатышты.  
 
«Көпчүлүк өлкөлөрдүн бийликтери жарандарды үйдө болууга жана мүмкүн болсо өзүн-өзү изоляция режимин сактоого үндөштү. Бирок, дүйнө жүзү боюнча 100 миллион адам турак жайга ээ эмес. Турак-жай проблемасы Кыргызстанда дагы актуалдуу. Алардан миңдеген адамдар жабыр тартышат. Турак жайды ижарага бергендер бааны жыл сайын көтөрүшүүдө.  Калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү турак-жайга муктаж », - деди Наталья Никитенко.
 
Депутат кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Конституциясы турак-жайга болгон адамдын укугун коргогонуна карабастан, көптөгөн көйгөйлөр бар.
 
«Биздин өлкөдө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн турак жай менен камсыз кылуу көйгөйү курч турат», - деп белгиледи Наталья Никитенко.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter