Баткенде пневмониядан бир бейтап каза болду
- 20.08.2020, 11:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
20-августта Баткен облусундагы ооруканалардын биринде пневмониядан бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Лабораториялык жактан тастыкталган коронавирус илдетинен каза болгондо бүгүн катталган жок. Бирок Баткен облусунун Лейлек районунан 85 жаштагы жаран пневмониядан каза болду. Анын өнөкөт оорулары да бар болгон. Пневмониянын оор түрү менен жабыркагандыктан аны сактап калууга мүмкүн болбоду»-деди Үсөнбаев.