Абалы оор. Ташиев эки тараптуу пневмониянын оор түрү менен ооруп жатат
- 04.07.2020, 11:02,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиевдин абалы оор экени айтылды. Буга Ташиевге таандык делинген Регион каналынын журналисти Откурбек Рахмановдун маалыматы себеп болууда.
«Камчыбек Ташиев агабыздын ден-соолугунун абалынан кыжаалат болуп, тынымсыз сурап жаткан урматтуу мекендештер, азыр эле уулу Тай-Мурас Ташиев, Камчыбек Кыдыршаевичтин абалы оор экенин айтты. Кудай шыпаа берсин»,- деп жазды ал социалдык тармактагы жеке баракчасында.
Маалыматтын анык экенин саясатчынын уулу Тай-Мурас тастыктаганын, Ташиевге эки тараптуу пневмониянын оор түрү деп диагноз коюлганын жана абалы оор экенин маалымат булактары жазышууда.