Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлардын даректери
- 08.07.2020, 17:04,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаары боюнча бүгүнкү күндө тогуз күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.
Стационарлардын даректери:
— Токомбаев көчөсүндө жайгашкан «Газпром» дене-тарбия-дарылануучу комплексинде 120 орун;
— Токтогул менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан № 68 орто мектебинде — 30 орун;
— Кызыл-Аскер районундагы «Арал» кафесине 50 орун;
— Раатбек Санатбаев атындагы дене-тарбия-дарылануучу комплексинде 150 орун;
— № 94 мектебинде — 50 орун бар.
— 12-кичи районундагы «Бишкек наабайкана» ишканасында 200 орун;
— «Сейтек» мектебинде 50 орун;
— «Кудайберген» базарынын жанындагы № 83 орто мектебинде 50 орун;
— Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 150 орун бар.