У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош облусунун жаңы башчысы ишке киришти


Бүгүн, 17-августта өкмөттүн Ош облусундагы жаңы өкүлү Байыш Юсупов расмий түрдө эмгек жамаатка тааныштырылды.

Аны кызматка дайындоо жөнүндө буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.
Юсуповду өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппаратына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырды.

Иш-чарага Ош облусундагы райондордун акимдери, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов да катышты.

Буга чейин Байыш Юсупов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. 10-августтан бери облустун мурдагы башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматынан кеткенден кийин анын милдетин убактылуу аткарып жаткан болчу. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter