У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Альянс» туристтик фирмасынын жетекчиси алдамчылыкка шектелүүдө


Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-августта милицияга жабырлануучу кайрылып, «Альянс» туристтик компаниясынын жетекчисине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, жетекчи ушул жылдын 13-январында туристтик кызмат үчүн 126 миң 288 сом алып, качып кеткен.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүү катары 1986-жылы туулган Т.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары милицияга дагы 8 адам кайрылып, "Альянс" компаниясынын иш-аракеттеринен жабыр тартканын билдиришкен.

13-августта Биринчи май райондук соту шектүүнү 12-октябрга чейин үй камагына чыгарды. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси аныкталып жатат», - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter