У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мээрбек Мискенбаев: «Мага коюлбаган Кыргызстанда эки эле берене калыптыр, бири кыз зордуктоо, экинчиси- алдамчылык…»

7-8- августта болгон окуяга, 6 спецназ кызматынын барыматага алынышына, адам өлтүрүүгө жана баш аламандыктын уюштурулушуна эч кандай тиешем жок. Анткени, 7- августта ошол спецназдын мени сабап, кабыргамды сындырып, чала өлүк кылып, тепкилешкен. Ал окуя, менин жарадар болгонумдун баары интернет булактарында айдан ачык эле турат. 
 
Мен жабырлануучу болушум керек эле, бирок, силер болсо мени айыпталуучу кылып салдыңар. Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага Кыргызстандагы болгон баардык беренелерди коюпсуңар. Адам өлтүргөндөн баштап, барымтага алуу, башаламандык уюштуруу ж.б. беренелер. 
 
Мага коюлбаган Кыргызстанда эки эле берене калыптыр. Анын бири – кыз зордуктоо, экинчиси- алдамчылык(мошенничество). Менин силерге айтаарым, Кой- Ташта болгон окуяда Мискенбаев спецназды зордуктады жана автоматын алдап алып, бербей койду деген беренелерди илгиле, ошону менен баардыгы толук болот. Мен Аллахкка ишенген адаммын, Кудай баарыбызды карап турат. 
 
Силер мени ооруган аялыма карабай, 3 чиедей болгон балдарымды чыркыратып туруп, адилетсиз, саткын Алга Кылычовдун көргөзмөсү менен камадыңар. Кудай бар, Кудай жазаңарды берсин! Кудай жазаңарды берсин! Мен кылган күнөөм учун түрмөдө отурган жокмун. Мен Атамбаевди сатпаганым учун түрмөдө отурам. Мага абийир, ар- намыс өлүмдөн кымбат!
Булак: багыт.кж
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter