У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто дарыканада иштеген кыз дарыга ууланып көз жумду


Ош шаарындагы дарыканалардын биринде иштеген сатуучу кыз дарыдан ууланып каза болду. Маалыматты Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан тастыкташты.

К.З. аттуу кыз Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына 1-август күнү саат 9:11де түшүп, ошол эле күнү саат 16:45те каза болгон. Дарыгерлердин алдын ала койгон диагнозу боюнча, маркум дарыга ууланган.

«Ооруканага эс-учун жоготкон абалда келген. Бейтаптын оорусунун таржымалы соттук-медициналык экспертизада экен. Мен кабыл алуу бөлүмүндөгү журналга жазылган маалымат боюнча эле айтып жатам. Бул бейтаптын эмнеден улам комага түшүп калганы белгисиз (кома неясной этиологии)», - деди облустук оорукананын башчысынын орун басары Кадырбек Бөрүбаев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter