У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лукашенконун атаандашы да өлкөдөн чыгып кетти

 
Беларусиянын президенттигине ат салышкан талапкер Светлана Тихановская  Литвага кетти. Бул тууралуу Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичус өзүнүн Twitter баракчасына жазганын чет элдин басылмалар жазышууда. 

"Светлана Тихановская коопсуз жайда, ал Литвада", - деп жазат ал.
 
Эске салалы, жекшембиде Беларусь Республикасында президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча Лукашенко 80,08 пайыз добушка ээ болгон. 10,09 пайыз добуш менен Светлана Тихановская артта калган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл нааразычылык акциясына чыгып, кечээ түнү гана эл тынчыды. 


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter