У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыскартышты. БШК шайлоо чыгымдарын кайра эсептеп чыкты


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө кетчү чыгымдарды кайрадан эсептеп чыгышты да, азайтуу чечимине келишти. Анда чыгымдардын суммасы 446,9 миллион сом деп бекилди.  Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин шайлоого деп республикалык бюджеттен 732 миллион сом каралган. Бирок БШК чыгымдарды оптималдаштырып 446,9 миллион сом менен өткөрсө болорун эсептеп чыккан.

Бул каражатка 2 462 шайлоо участкасы түзүлсө, анын ичинен 42си чет өлкөдө ачылат. Ар бир шайлоо комиссиясында 10-12ден адам иштеп, жалпысынан 30 833 кызматкер тартылат. Аларга эмгек акы төлөө каралган.

Мындан сырткары, добуш берүү башталганда күнү-түнү иштөөгө туура келгендиктен, Аймактык шайлоо комиссиясынын жана шайлоо участкаларынын мүчөлөрүнө, операторлорго (1846), ИИМдин кызматкерлерине (4680) тамак-ашка деп 500 сомдон берилет.
Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу үчүн 60 миллион сом сарпталат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter