Коронавирустан Лукашенко эс-учун жоготконбу?..
- 16.03.2020, 13:51,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Беларусь президенти Александр Лукашенкодо коронавирус COVID-19дун симптому пайда болгонун белоруссия прессасы жазып атат, деп билдирди Россиянын “Федеральное Агентство Новостей” маалымат каражаты, 13-мартта.
ММКнын маалыматтарына караганда Беларусь лидери тумоолоп калган, ал түгүл эс-учун да жоготкон.
Мындай каңшаарлар биринчи кезекте Лукашенконун коомчулук менен «Президент менен чоң бааралашуу» («Большой разговор с президентом») деген салттуу жолугушуусун башка убакка жылдырган фактысы менен бышыкталып жатат.
Лукашенконун өкүлү Наталья Эйсмонт бул туурасында өтө кызыктай комментарий берди, бир чети иш-чаранын өтпөй калганын коронавирус эпидемиясына байланыштуу экенин мойнуна алды. «Маселе жалгыз гана коронавируска байланышкан эмес», деди Беларусь президентинин пресс-катчысы. Андан ары пресс-катчы башка маалымат бербегени элге күмөн жаратууда.
“Акыркы 24 саатын ичинде 10 982 кишиге коронавирус жугуп, 343 тумоологон адам көз жумду деп билдирди ВОЗ (Бүткүл дүйнөлүк саламматитык сактоо уюму)”, - деп жазды “РИА Новоости”.Азыркы учурга карата коронавирус тумоосун жуктургандардын саны дүйнө жүзүндө 153 517 кишиге жетип, 5375 адам көз жумган.
