У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошко кире бериштеги санитардык посттор алынып, коомдук жайлардын иштөө тартибине өзгөрүү кирди


Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

"8-августтан тарта Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор ишмердүүлүгүн токтотту. Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын жыйынында кабыл алынды" дейт маалыматта.

Ошондой эле аталган шаарда коомдук жайлардын ишмердүүлүгүнө бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. 

Маалыматка ылайык, тамактануучу жайлар саат 00:00гө чейин иштей алышат. Сейил бак жана аянтчаларга иштөөгө уруксат берилбейт.
"№5 протоколго ылайык, Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын чечимине ылайык, тамактануучу жайлар Ош шаарында саат 00:00гө чейин иштей алышат. Аталган жайларда бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо талап кылынат.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter