У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарын шаарында жаңы оорукана куруу үчүн даярдыктар башталды


Нарын шаарындагы эксперименттик тез чыгарылуучу жугуштуу оорулар ооруканасын куруу боюнча алгачкы даырдыктар башталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы мезгилде имаратты пайдубалдын негизинде куруу үчүн чуңкурлары казылып жана пайдубалдын таманына пайдаланыла турган шагылдуу топурактар тартылып келинип жатат. Ошондой эле долбоорду натурага чыгаруу боюнча иштер аткарылды.

Мурда белгилүү болгондой, 70 орунга эсептелген жаңы имараттын курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Долбоор боюнча бул саламаттыкты сактоо объектиси бир кабаттуу болот, анын узундугу 73 метр, туурасы 28 метрди түзөт. Имаратты куруу учун Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландаштырылган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter