У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги 100 орундуу оорукананын курулушу башталды


Бишкек жага Ош шаарларында 100 орундуу заманбап оорукана курулаары маалым болгон. Убадаланган оорукана курулуп баштады.  Ал 
жугуштуу оорулар ооруканасы болмокчу. Оорукананын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков катышы. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип тиешелүү дарылануусун алып жатышат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайып баштаганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан, биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы тиешелүү иштер жүрүп жатат", - деген президент.

Президент муну менен катар мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу менен Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалар курула тургандыгын баса белгиледи.

"Биздин жарандар заманбап медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү комплекстүү түрдө бир жерден ала алгандай көп багыттуу ооруканаларды курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча кызматташууга кызыкдар инвесторлор бар", - деди Сооронбай Жээнбеков.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter