Министр сакайып, ишке чыкты
- 03.08.2020, 11:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 3-августа жумушка чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сабиржан Абдикаримов жумушка чыкты. Ал дарыланып чыккандан кийин дагы үй карантинде болуп жаткан. Анын милдетин Мадамин Каратаев аткарып келген. Бүгүнтөн баштап министр штаттык режимде иштеп баштайт", - деп жазылат маалыматта.