У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орусияда бир чемодан акча менен Кыргызстандын ИИМнин ардагери кармалды

Орусиянын Екатеринбург шаарынын Колцово аба майданында Федералдык бажы кызматыныны башкармалыгынын жана Федаралдык коопсуздук кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери бир чемодан акча менен Кыргызстандын жана Орусиянын жаранын кармашты.
 
«Чемодандын ичинде 79 млн. рубль бар экендиги аныкталган»- деп жазат Znak маалымат булагы.
 
Маалыматка ылайык, алар 27-июлда Бишкекке учууга даярданып жатышкан учурда кармалып, бажы постунда алардын чемоданында 79 млн. рубль бар экендиги аныкталган. Кармалгандардын бири Кыргызстан ИИМнин ардагери экени айтылууда. Сурак учурунда алар мындай чоӊ суммадагы каражатты кайдан алгандарын түшүндүрүшө алышкан жок.
 
Бул факты боюнча протокол түзүлүп, Орусия Федерациясынын Административдик бузуулар жөнүндө Кодесктин 15.25 беренеси боюнча (Россия Федерациясынын валюта мыйзамын бузуу) административдик иш козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Алардын акчасы мамлекеттин бюджетине өткөрүлөт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter