У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эл өкүлдөрү жеке компаниянын лобби мыйзамын кабыл алганы жатышабы?


Центральной азиатский корпорациясы ОсОО «Ctntral Asia Kia Motors Sales Corporation» аттуу белгисиз компаниянын башкаруусунун алдында көз карандысыз жаӊы СЭЗ түзүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин депутаттары аркылуу лобби кылып түртүп жатканы айтылып жатат. 

Башкача айтканда, учурда Жогорку Кеӊештин депутаттары Гульшат Асылбаева башында турган бир нече депутаттары тарабынан демилгенип жаткан Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Салык Кодекси сыяктуу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймагы жөнүндө» мыйзам долбоору талкууга коюлганы турат.
 
Жаӊы мыйзам боюнча ЭЭА аймагы кеӊейтилип, дагы кошумча субаймак жана сервистик аймак түзүлөт. КРнын жер мыйзамы боюнча (субаймак жана сервистик аймактар курулган территория 99 жылга ижарага берилет), КРнын салык мыйзамына ылайык, (жаӊы түзүлгөн ЭЭА бардык салыктардан бошотулат). 

Адистер мыйзам долбоор сапатсыз иштелип чыкканын жана конкертүү маалыматтар камтылбай, үстүртөн эле эптеп анализ жүргүзүлгөнүн белгилешүүдө.

Бул мыйзам долбоорду кабыл алуу менен Борбор Азиялык компания №101-А мыйзамын мыйзамдаштырып, аны Мамлекеттик каттоо кызматынан каттатып, жерди калктуу микрорайон куруу, медициналык борборлорду салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 

Бул дегендик Эркин экономикалык аймактын талаптарына жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына каршы келет. Эл өкүлдөрү жеке корпорациянын мүдөөсүн көздөп жатышканы айкын көрүнүп турат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter