У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абал жакшыраары менен кайсы өлкөлөр менен каттам жанданаары маалым болду


Эпидемиологиялык абал турукташаары менен  биринчи кезекте Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына аба каттамдар жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, эл аралык аба каттамдарын жандандыруу боюнча штабдын чечими бар.

«Өзүңүздөр билгендей, тышкы каттамдар эки тараптан чечилчү маселе. Азыркы учурда атайын кызматтар, Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен мурунку жүргүзүлүп жаткан каттамдардын кайсынысы биринчи жандандырылары тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Эпидемиологиялык абал жакшырып, туруктуу болсо, эл аралык каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Биринчи иретте каттамдар Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери тараптан жүргүзүлөт», - деди Кубатбек Боронов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter