Шайлоо 2020: Үгүт иштерине канча ММКлар, сайттар, гезит-журналдар катышат?
- 28.07.2020, 14:18,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша турган массалык маалымат каражаттарын жана интернет-басылмаларды расмий каттады. Мекеменин маалыматына караганда, 27-июлдагы отурумунда комиссия аларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.
Тизмеге 210 ЖМК жана интернет-басылма кирди. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма.
Эфир убактысы, басма аянты жана интернет-басылмага жарыялоо укугу үчүн акы төлөө шарттары тууралуу маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланат.
Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда.