У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан 3 күндө 3 дарыгер каза болду

 Кыргызстанда коронавирустан дагы үч медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу каза болгон дарыгерлердин жакындарынын маалыматына таянып "Азаттык" радиосу жазып чыкты.  
 
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Бегайым Исакова 25-июлда каза болгон. Ал 64 жашта болчу. 1996-жылдан тартып №1-шаардык клиникалык ооруканада медициналык жайдын чукул терапия бөлүмүн жетектеп турган.
 
Коронавирустан Чүй райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Гүлжамал Жумубаева 26-июлда 67 жашында кайтыш болду. Ал Чүй райондук ооруканасында алгач бөлүм башчы, кийин директордун орун басары болуп иштеп келген.
 
Бүгүн, 27-июлда пневмониядан 70 жаш курагында Ысык-Көл райондук ооруканасынын реаниматологу Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Ал Ысык-Көл райондук ооруканасында башкы реаниматолог болуп эмгектенип келген.
 
Министрлик буга чейин сегиз медицина кызматкери каза болгонун билдирген.
 
Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерге 200 миң сом, каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилет. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter