У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пакистандык студенттерди сабаган жарандар бир айга камакка алынды

Кой-Таш айылында эс алып жүргөн Пакистандык студенттерди сабаган жарандар кармалып, бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
 
Маалыматка ылайык, 19-июлда Аламүдүн РИИБге Пакистандык студенттер: 1998-жылы туулган жараны Ш.С., 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш адамдар аларды себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып арыз менен карылышкан.  
 
Жабырлануучулардын жазган арызынын негизинде аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча катталып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
 
Пакистандык студенттердин бири Аббас Али Шахтын мурду сынган, ага операция жасалат. Ал күндүзгү стационарлардын бирине, бейтаптарга жардам берип ыктыярчы болуп иштеп жаткан.
 
     


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter