У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пакистандык студенттерди сабоого шектелгендер кармалды


Милиция пакистандык студенттерди сабоого шектелгендерди кармаганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда Чүй ИИБ жана Аламүдүн РИИБ кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жарандарга кол көтөргөн үч адам колго түшүрүлгөн.
"Алардын бири Ысык-Ата районунун 31 жаштагы тургуну болсо, экөө Бишкек шаарында жашаган 30 жаштагы жигиттер", — деп айтылат билдирүүдө. 

Аталган факт Кылмыш жана жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү ("Бейбаштык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аламүдүн РИИБинин терөө кызматынын өкүлдөрү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter