Бүгүн 21-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков пандемия шартында өз ыктыяры менен элге кызмат кылып жаткан ыктыярчылардын бир ууч тобу менен жолукту. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү жана ага журналисттер катышкан жок.
Жолугушуудан чыккан ыктыярчылар өздөрү эмне жөнүндө сөз болгондугу тууралуу айтып беришти.
Журналист Тынчтык Алтымышев өкмөттүн чабалдыгын, пандемияда элди эл эле сактап жаткандыгын айткан. Ал ыктыярдуу жүздөгөн айдоочулардын, медайымдардын эмгеги эске алынышы керектигин, дарыгерлердин айлык-акыларын кечиктирүүсүз, убагында төлөөнү, банктар кредиттердин мөөнөтүн ноябрь айына чейин узартып, үстөк пайыздарын тоңдуруп турушун сунуштаган.
Ал эми Эркин Рускулбеков сөз эркиндигин чектеген «Маалыматты манипуляциялоо» боюнча мыйзамга вето киргизүүнү сунаштаган. Сырттан келген жардам тууралуу отчеттор ачык жарыяланышын, ыктыярчыларды Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга мүчө катары кошууну жана коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүү күнү жарыяланышын демилгелеген.
Мындан тышкары президент менен жолугушууда волонтерлор сырттан ташылып келип жаткан жардам үчүн бажы жана салык жеңилдиктерин берүү, мамлекеттик аппараттын бюджетин кыскартуу, ыктыярчылар тууралуу мыйзам даярдоо маселелерин көтөрүп, активисттерди жана медициналык кызматкерлерди кечирим суратып, УКМКга чакыртууну токтотуу талабын коюшту.