У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


М. Маматалиев: «Элдин банктан алган насыяларынын пайыздарын бюджеттен төлөп берели»


 ЖКнын депутаты Марлен Маматалиев 8-июнда парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында элдин банктардан алган насыяларынын пайыздарын бюджеттен төлөп берүү сунушун киргизди. 
 
“Коронавирус илдетинен улам азыр көп адамдар банктардан алган насыяларынын пайыздарын убагында төлөй албай жатышат. Өкмөт банктарга үстөк төлөмдү 3 айга жылдырууга сунуш кылды. Бирок насыялардын пайыздык үлүшү дагы деле сакталууда. Эки айдан ашык жумушсуз отурган элде пайыздарды төлөөгө каражат жок. Ошондуктан биз аларга жардам берели. Бул маселени каржы комитетинин депутаттары чечбесе ким чечет?  Доллардын курсу 85 сомго барабар болгон учурда 4 миллиард сом өлчөмүндө тышкы карызды төлөөгө бюджеттен каражат бөлүнгөн, азыр валюта курсу 73 сомду түзүүдө, демек, 348 млн сомго жакын айрыма акча азыр бизде бар. Бул акчаны элдин насыяларынын пайыздарын төлөө үчүн колдонсо болот. Мен ипотекалык насыялар жөнүндө айткан жокмун”,-деди депутат.
 
Комитеттин башка мүчөлөрү да Марлен Маматалиевдин сунушун колдошту.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter