Кыргызстанда 7 кош бойлуу аял коронавирустан көз жумду
- 20.07.2020, 13:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Акушер-гинекологдордун ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров коронавирус инфекциясынын кесепетинен өлкөдө канча кош бойлуу аял көз жумганы боюнча суроого жооп берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус аныкталган кош бойлуулар жана жаңы көз жарган аялдар арасында өлүм катталды.
«Ысык-Көлдө бир, Ошто үч, биздин шаардагы мекемеде үч учур катталды. Ошондой эле жандандыруу бөлүмүндө абалы оор бейтаптар бар. Аларга интенсивдүү кам көрүү керек, бирок биз терапия канчалык деңгээлде эффективдүү экенин билбейбиз», - деди ал.