У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак-Кыя айылынын Орусиядагы уул-кыздары айыл элине акчалай жардам кылышты


Кыйынчылыкта бири-бирин колдоп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган кыргыз элинен айланса болот. Улуу элдин урпактары экенин далилдеп, жаш улан-кыздар колунан келсе башкаларга да жарыгын чачалы деп аракет кылганы жүрөк кубандырбай койбойт. Буга мисал катары Нарын областынын Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын Орусия мамлекетинде жашап, иштеп жүргөн уул-кыздарын алсак болот. "Мамлекет мага эмне кылып берди дегенден мурда мен мамлекетке эмне кылдым" деген ураан менен кыйын кырдаалда өздөрү туулуп өскөн айылдын казынасына 17 000 (он жети миң) которуп, акчалай жардам кылышты. Берилген жардам аймактык башкармалык тарабынан калыс чечилип, айылдагы 1-2-топтогу майыптарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө таркатылганы маалым болду.

Маалыматты жайгаштырган Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter