Нарында дарыгерлер оору жугузгандарды үймө үй кыдырып аныктайт
- 18.07.2020, 13:19,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын облусунун аймагында оорунун өөрчүп кетүүсүн алдын алуу максатында үймө-үй кыдырып, коронавируска кабылган адамдарды табуу аракети башталды. Бул туурасында өкмөттүн аталган облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Бул иштерди Нарын шаарында жана облустун аймактарында түзүлгөн мобилдик топтор аткарат.
"Мындай аракеттин арты менен үйүндө ооруп жаткан жарандарга кечиктирилбестен медициналык жардам көрсөтүлүп калат деген ишеничтебиз. Ыктыярчылардан да колдоо күтөбүз", — деп айтылат маалыматта.