Чүйдө ооругандар көбөйдү. Дарыгерлер эми үймө үй кыдырат
- 14.07.2020, 15:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүй облусундагы стационарларга оор абалдагы бейтаптар көп кайрылып жаткандыктан үймө-үй кыдырып оорулуулар аныкталат. Бул туурасында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев кол коюп, акимдер менен медициналык мекемелердин жетекчилерине тапшырма бергени айтылат.
"Коронавирус жана пневмония менен ооругандарга карата жүргүзүлгөн анализ Чүйдөгү ооруканаларга түшкөн бейтаптарды басымдуу бөлүгү оор абалда келгенин көрсөткөн. Көпчүлүгү үйүндө өз алдынча дарыланып, оору өтүшүп кеткенде гана ооруканага кайрылат. Мындай кырдаалда дарыгерлер ар бир өмүрдү сактап калыш чоң күч жумшоого туура келүүдө. Буга байланыштуу облус жетекчиси үймө-үй кыдырып, оорулууларды аныктоо жана медициналык кеп-кеңештерди берүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.