Үймө-үй кыдырып, COVID-19 вирусун жуктургандарды аныктоо башталат
- 24.04.2020, 16:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 24-апрелде вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов Кыргызстанда коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталаарын маалымдады. Ал Президент менен жолугуп, учурдагы абал тууралуу маалымат берип жатып, оорунун жайылышынын алдын алуу иштеринин кийинки этабында илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо жүрөрүн айтты.
Ал үчүн бир апта бою эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп, үймө-үй кыдыруу болорун билдирди. Ал жаңы конуштарга жана эл жыш отурукташкан аймактарга өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө тургандардын саны 2,5 миңге жакын адам. Обсервацияда 914 адам жатат.