Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгердин орун басары каза болду
- 17.07.2020, 10:39,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Жарматова Темиркан каза болду. Бул тууралуу 17-июлдагы брифинг учурунда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгын башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Тилекке каршы, бүгүн бүтүндөй өмүрүн саламаттыкты сактоого арнаган КРнын эмгек сиӊирген дарыгери Жарматова Темиркан Досатовна каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги, жалпы өлкөдөгү дарыгерлер маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат»-деди Акматова.