У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үмүт жылт этти. Орусияда коронавируска каршы эмдөө алгандар ооруканадан чыгышты

Орус окумуштуулары коронавируска каршы россиялык вакцинаны сыноого биринчилерден болуп катышкан ыктыярчылар Бурденко атындагы госпиталдан үйүнө чыккандыгын кубануу менен сүйүнчүлөштү. 

Медиктер сайылган вакцина алардын организмине кандай таасир берерин 28 күн бою байкап турушту. Вакцина коопсузбу, органдарга зыяны жокпу деген нерселерди көзөмөлгө алышты. Ооруканадан чыгар алдында бардык ыктыярчылардан кандын анализин алганда организм ооруга туруштук берген антителолорду иштеп чыга баштагандыгы жана ооруга каршы иммунитет пайда болгондугун көрсөттү.
Анткен менен адистер инфекцияны жеңдик деп кубанууга али эрте экендигин, препарат өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүшү керектигин айтышты. Келерки этапта окумуштуулар эмдөө алган адамдарда пайда болгон иммунитет канчага чыдаарын текшеришет.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter