У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурлан Насип: «Аселдин абалы жакшыра баштады, бирок ден соолугунун калыбына келишине көп убакыт керек экен»

Ырчы Нурлан Насип келинчеги Асел Кадырбекованын ден соолугу үчүн дуба кылган бардык адамдарга жана дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, социалдык баракчасына келинчегинин абалы туурасында жазды. 
 
«Кудайым чоң кырсыктан сактап, врачтардын чоң жардамы, сиздердин күнү-түнү кылган дубаларыңыздар менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык! Жаратканга чексиз шүгүрчүлүк билдирем. «Асел кандай болуп калды?»- деп күнү-түнү сурагандар абдан көп, кыскача айта кетейин, буйруса алдыга жылыш бар, бирок көп убакыт керек экен өзүнүн калыбына келишине. Кудайым буйруса, убакыт баарын даарылайт. Айттырбай келген кырсыктан алыс болуңуздар бизге кылган дубаларыңыздар сиздерге эки эселеп тийсин Амиинь»-деп жазды ырчы. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter