У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элзада Насипбекова: "Жаңылык болсо өзүбүз кабарлайбыз. Башкаларга ишене бербегиле"


Ырчы АСел Кадырбекова жол кырсыгына кабылгандан бери элдин санаасы сан болуп, ар бир кыргыз дуба кылып жаткан убагы. Социалдык тармактарда #жашаАсель хэштеги пайда болуп, достору, күйөрмандары анын тезирээк ойгонушун тилеп жатышат. Бул аралыкта "антип калды, минтип калды" деген жаңылыктар тарап, эл бирде кубанып, бирде кайгырып жаткан кез.

Бирок Аселдин үй-бүлөсү бир гана өздөрү тараткан маалыматка ишенүүгө, башка такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана таратпай турууга чакырышууда. Бул тууралуу ырчы айымдын жолдошу да, эжеси ырчы, Элзада Насипбекова да жазып чыгышты. Ал  өзүнүн инстаграм баракчасынын сторис бөлүмүнө жандандыруу бөлүмүнүн сүрөтүн жарыялап: 

"Көп-көп дуба кылып туруңуздарчы. Жаңылык болсо биз өзүбуз үй-бүлөбүз кабарлайбыз. Башка такталбаган маалыматтарга ишене бербегиле. Ойгоно элек. Сиздердин көп-көп кылган дубаларыңыздар гана керек" деген билдирүү калтырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter