У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлнур Асанова: "Умрага жоолук салыныш үчүн гана барбаса керек..."



Ырчы Гүлнур Асанова жакында эле Меккеге кичи ажылык сапарына (Умра) барып келген. Жоолукчан сүрөттөрүн көрүп тынымсыз суроо узатып жатышкан күйөрмандары ырчы төмөндөгүдөй жооп узатты:
"Жеке куржунга келген каттардын көбү дуба кылуумду өтүнүптүрсүздөр. Баарыңарга дуба кылдык! (Кыргызстанга, эли - журтума эмне тилесе кабыл кыл деп кабааны айланганбыз. ) Эки дүйнө бактылуу болуңуздар. Перзент эңсегендерге Жараткан көп бала берсин! Дартка шыпаа берсин! Омийн! Анан жамындыңбы дегенге жооп: Жок! Бул нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керек! Жүрөктүн түпкүрүнөн баары болуусу абзел! Албетте жүрөгүмө ыйман, эмне парз болсо , ошону насип эт деп дуба көбүрөөк кылдым. Буйруса баары Жараткандын буйругунан! Экинчиден, Умрага жоолук салыныш үчүн гана барбаса керек, ал нерседен башка толтура себеп болот! Аны да бир Кудай жана мен билем (!!!)  Мен үчүн кабатыр болгондорго рахмат! Өзүңүздөр үчүн да көбүрөөк кабатыр болуңуздар. Аман болуңуздар!!!"










Введите сообщение...



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter