Суук кабар! Пневмониядан сутка ичинде 74 адам көз жумду
- 15.07.2020, 10:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн сутканын ичинде пневмония оорусунан 74 адам каза тапты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 17 адам, калган 57си өлкөнүн башка аймактарында катталды.
Ушуну менен март айынан бери пневмония жалпы 571 кыргызстандыктын өмүрүн алды.