Ооругандар таба албай жаткан дарыларды катып жаткан эки кампа табылды
- 14.07.2020, 17:20,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлда берген онлайн брифингде коронавирус менен ооруган бейтаптар таба албай, тартыш болуп жаткан дарыларды катып жаткан эки капманын табылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кампаларда пневмония жана коронавирус илдетин дарылоодо эӊ зарыл болгон гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар катылып жаткан. Дарыларды кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын пайда кылган 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Өкмөт башчы коомчулукка кайрылып, кымбат дары саткандар боюнча маалымат берүүгө чакырды.